АРИСтин АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу. Урматтуу Тон районунун Улахол айыл аймагындагы бизнес өнөктөштөр, Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкаганда баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат КНЧ: Абрикос, Сүт, Туризм, Бал, Дан эгиндери, Эт, Тигүүчү цех, Алмадан жана картошкадан кургатылган порошок жана концентраттарды чыгаруучу ишкана. Кызматташу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөттүннүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштар АРИС тарабынан каржыланат. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 7 480 000,00 сомдун чегинде болушу мүмкүн Кызыктар тараптар бизнес долборунун резюмесин жана кызыктар катын тапшыруу керек, тапшыруу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз https://docs.google.com/document/d/1LhRO0ee4tOWa49VtXxd0rmb-fcMRY6k_/edit кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыныздар. Ватсап: 0705 778195 Тел.: 0705 778195 Эл.почта: ulakholvap@rambler.ru Адрес: Улахол Айыл Өкмөтү, Ажибаев көч.№ 7
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation